НУР УУЛУ
НУР УУЛУ Досбол (26. 4. 1948-жылы туулган, Тажикстан, Шураб ш.) - тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (1993). 1971-жылы КМУну бүтүргөн. 1972- 95-ж. Кыргыз ССР УИАда кенже, улук, жетектөөчү илимий кызматкер, бөлүм башчы, 1995-2005-жылы КР ЖКда кеңешчи, 2005- 07-ж. КРдин Билим берүү, илим жана

жаштар саясаты министри, 2007-08-ж. КР Өкмөтүндө вице-премьерминистр, 2008-09-ж. КРдин Мамлекеттик катчысы, 2009-10-ж. Ж. Баласагуни атындагы КУУнун ректору болуп иштеген. КР Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты (1995-2000). Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Эмгектери негизинен Кыргызстан а. ч-нын тарыхый-экономикалык маселелерин изилдөөгө арналган. ЮОдөн ашык илимий эмгектин автору.