НУЛЛИФИКАЦИЯ
НУЛЛИФИКАЦИЯ (латынча пиШиз - эч кандай жана ...фикация) - документтин юридикалык күчүн жоготушу; баасы төмөндөп, кунсуз болуп калган кагаз акчаны мамлекеттин жараксыз деп жарыялашы. Ал олуттуу инфляция, гиперинфляция учурунда, улуттук валютага болгон ишенимди кайтаруу үчүн жүргүзүлөт. Н. - өлкөдөгү улуттук валютанын айланышынын туруктуулугун орнотууну көздөгөн акча реформасы. 0. эле кунсуз акчаны жаңысына төмөнкү курс менен алмаштырылган девальвация менен дал келет. Алсак, 1924-жылы Германиянын жаңы чыгарылган 1 маркасы 1 триллион эски маркага алмаштырылган. Кыргызстанда Н-га окшош процесс 1993-жылы СССР кездеги рублды улуттук валютага (сомго) алмаштырууда болгон. Анда 1 сомго СССРдин 200 рубли алмаштырылган.