НУКУС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НУКУС - Өзбекстандагы шаар (1932-жылдан). Каракалпак Респ-нын администрациялык борбору (1939-жыл­дан). Аму-Дарыянын оң өйүзүндө, төмөнкү агы­мында жайгашкан. Калкы 241,0 миң (2011).

Т. ж. бекети. Химиялык комбинаты, металл иштетүү, курулуш материал, жеңил ө. ж. ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (килем токулат, ганчка сүрөт тартуу) өнүккөн. Өзбекстан ИАнын фи­лиалы, университет, педагогикалык институт, китепкана, 2 театр (музыкалык, комедия жана жаштар), И. В. Савицкий атындагы иск­во, тарыхый край таануу музейлери бар.