НУЗКЕТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НУЗКЕТ - Чүй өрөөнүндөгү о. кылымдарга таан­дык шаар. Азырынча Н-тин орду так аныктала элек. Ибн Хордадбек боюнча Нузкат, ал-Мукадда­сиде (к. Шам.с-ад-дин Абу Абдаллах Мухаммед) Нушкет, «Худуд ал-Аламда» Нункет деп берил­се, чыгыш таануучу С. Волин (20-к.) Нуркет, чехиялык географ В. Томашек (19-к.) Тумкет деп окууну сунуштаган. «Тан династиясынын тарыхында» (618-907) Дун-Цзянь деген ат менен жолугат. Кээ бир изилдөөчүлөрдүн (М. Байпа­ков, А. Н. Бернштам, П. Н. Кожемяко) пики­ринде Н-ке Кара-Балта шаарындагы Шиш-Дөбө шаар калдыгы менен дал келет. Ал эми башка окумуш­туулар (В. Томашек, В. В. Бартольд, А. Н. Са­мойлович ж. б.) аны Беловодск чеби деп эсепте­шет. Хордадбек боюнча Куландан Миркиге чейин 4 фарсах (6 кмге жакын), андан Асбарага да 4 фарсах, андан чоң кыштак Нузкатка чейин 8 фарсах болгон.

Ад.: Бернштам А. Н. Чуйская долина//Труды Семи­реченской археологической экспедиции 1938-1941 годов. «Материалы и исследования по археологии СССР». 1950, №14; Кожемяко П. Н. Раннесредневе­ковые города и поселения Чуйской долины. Ф., 1959.