НОРУС КӨЛ КӨМҮР КЕНИ
НОРУС-КӨЛ КӨМҮР КЕНИ Ош облусунун Чоң Алай р-нунда. Кабык суусунун өрөөнүндө, Дароот жана Кызыл-Үңкүр сууларынын аралыгында. Кен 1954-жылдан белгилүү. 1969-71-ж. издөө, 1992-93-ж. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Көмүр юра катмарынын согул геол. свитасы менен байланышкан. Көмүрлүү катмарда үч катмар аныкталган. Катмарлардын калыңдыгы 0,3-3,0 м. Көмүрдүн күлдүүлүгү 9,90% тен 39,9% ке чейин өзгөрүп, орт. - 18%. Күйүү жылуулугу 3032 ккал/кгдан 6700 ккал/кг (12,69- 28,05 МДж/кг) чейин, орт. 4200-5100 ккал/кг (17,58-21,35 МДж/кг). Көмүрдүн Сары-Жылга участкасы боюнча эсептелген запасы - 134 миң т. Кабык участогу - 116 миң т.