НОРМАНДИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОРМАНДИЯ — Франциянын түндүк-батышын­дагы тарыхый аймак. 10-к-дын башында Сена д-нын чатын норманндар басып алгандан «Н.» деп аталып, өзүнчө герцогдук (борбору - Руан) болгон. 924-933-ж. Н-нын Батыш аймагы кеңе­йип, Төмөнкү Нормандия кошулган. Норман­ндар жергиликтүү калк менен синишип, француз тилин үйрөнгөн (норманн диалектиси түзүлгөн) жана фр. феод. институттарды күчүндө калтырган. 11-к-да герцог Вильгельм II (1035-87-ж. башкарган) Мен графтыгын, Анжу графтыгынын бир бөлүгүн, 1066-жылы Англияны караткан сон [к. Норманн­дардын Англияны карапгуусу (1966)], Н. Анг­лия-Нормандия державасынын бир бөлүгүнө ай­ланган. 1202-04-ж. Н-ны француз королу кай­ра тартып алса да, Н. бөтөнчө укугун, артык­чылыгын жана шаарларын өзү башкаруу укугун сактап калган. Жуз жылдык согуш (1337-1453) убагында 1417-19-ж. англистер басып алып, алар 1449-50-ж. куулган соң, Н. провинция ста­тусу менен король доменине кошулган. Диний со­гуштардын (16-к.) убагында Н-да кальвинизм кеңири тараган; гугеноттор Н-нын Руан баш болгон бир нече шаарын басып алган. 1685-жылы Нант жарлыгы (1598) жоюлган соң, гугеноттор Н-дан Англия менен Германияга массалык түрдө кетишкен. 16-17-к-да ө. ж-луу провинциялар­дын бири болгон. Анда салык эзүүсүнүн күчөшү­нөн көп сандаган элдик көтөрүлүштөр (эң ири­си - «жылаңайлактар» көтөрүлүшү, 1639) чык­кан. 1790-жылы Франция департаменттерге бөлүн­гөн сон Н. жоюлган.