НОРВЕГ ТИЛИ
НОРВЕГ ТИЛИ — норвегдердин тили. Норвегиянын расмий тили. АКШга, Канадага да тараган. Герман тилдеринин скандинав тобуна кирет. Диалектилери көп. Азыркы норвег адабий тилинин эки формасы бар: риксмол (же букмол) жана лансмол (же жаны норвег) тили. Лансмолго караганда риксмол көбүрөөк пайдаланылат. Эн байыркы кол жазма эстеликтери 12- к-дын 2-жарымына таандык. Жазмасы латын графикасынын негизинде.