НООКЕН
НООКЕН, Коминтерн (фарсы тилдеринде ноу - жаңы, кен, кент - кыштак, шаар маанилерин берет;-жаңы кыштак) - Жалал-Абад облнун Ноокен районундагы кыштак. Ноокен айыл аймагына караштуу. Масы суусунун өйүз-бүйүзүндө, деңиз деңгээлинен 615 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Масы кыштагынан 5 км батыш тарапта. Облустун борбору жана т. ж. бекети Жалал-Абад шаарынан 50 км. Калкы 2859 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, маданият үйү, ФАП бар. Эки май чыгаруучу цех, 2 ак жуаз, 3 тегирмен, машина оңдоочу жай иштейт.