НООКАТ РАЙОНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НООКАТ РАЙОНУ - Ош облусундагы администрациялык-аймактык бирдик. Район 1928-жылы 24-декабрда уюшулган. Түндүк-батышынан Өзбекстан, түндүгүнөн Араван, чыгышынан Кара-Суу, батышынан Баткен обл­нун Кадамжай, түштүгүнөн Алай жана Чоң Алай р-ндору менен чектешет. Аянты 4,04 миң км2 (об­лустун аймагынын 13,9% и). Калкы 236,4 миң (2009). Райондо бир шаар (Ноокат), 15 айыл аймагы жана 74 кыштак бар. Ворбору - Ноо­кат ш.

Райондун рельефинде адырлуу тоо этектери жана тоо аралык депрессиялар басымдуу. Айма­гында Ноокат. өрөөнү (деңиз деңгээлинен бийиктиги 1200- 1700 м) жана ага туташ адырлар, Кичи Алай кырка тоосу (4454 м), КичиАлай өрөөнү (1200-

2800 м), Кербен түздүгү (Кербен - Көк-Жар) жа­тат. Көмүр (Абшыр, Алмалык, Беш-Буркан кен­дери), курулуш материалдарынын кендери бар. Климаты континенттик. Жайы ысык, кургак, кышы мелүүн суук, кар аз түшөт. Ноокат өрөө­нүндө январдын орт. температурасы -2,6°С, июлду­ку 24,4°С, Кичи Алай өрөөнүндө январдыкы -6,9°С, июлдуку 15,5°С. Жаан-чачындын жыл­дык орт. өлчөмү 270-300 мм. Ири суулары: Кыр­гыз-Ата, Абшыр-Сай, Ак-Вуура, Кичи Алай, Кос­чан, Шанкол, Чечме, Чили-Сай. Суулары сугат­ка кеңири пайдаланылат. Найман суу сактагы­чы курулган. Каралжын боз, күрөң, кара күрөң (тоо капталдарында), шалбаалуу тоо топурак­тары басымдуу. Деңиз деңгээлинен 1200-1500 м би­йиктикте эфемер-шыбактуу талаа, андан жого­ру (500-1800 м) ак кылкан шыбактуу талаа, дан өсүмдүк-шыбактуу талаа (1800-2200 м), арчалуу шалбаа (2000-2800 м), субальп, альп шалбаа­луу талаасы (2800-3400 м) жана гляциалдык-ни­валдык алкактары бар.

Райондун аймагында облустун калкынын 16,8% и жашайт. Калкынын 71,4% ин кыргыз­дар түзөт. Ошондой эле өзбек (27,8%), татар, орус ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Калктын орт. жыш­тыгы 1 км2 жерге 51 адам туура келет. Н. р-нун экономикасынын негизин дыйканчылык (таме­кичиликке адистешкен) жана эт-сүт багытында­гы мал чарбасы түзөт. Жалпы жер фондусу 404,4 миң га, анын ичинде айыл чарбага жарамдуу жери 191,4 миң га (жеринин 47,3% и). Айдоо аянты 38,0 миң га (анын 18,6 миң гасы сугат жер), 1,4 миң га бак-дарак­тар, 3,3 миң га чабын­ды, 148,6 миң га жа­йыт. Тамеки (айдоо жердин 2,5 миң гасы), дан эгиндери (22,9 миң га, анын ичинде буудай 19,7 миң га), жүгөрү (3,1 миң га), май алынчу өсүмдүктөр (2,1 миң га), картөшкө (3,0 миң га), жашыл­ча (1,4 миң га) ж. б. өстүрүлөт. Багбанчы­лык (2,8 миң га) өнүк­көн. Райондо бодо мал, жылкы, кой жана эчки асыралат. Үй куштары багылат. Райондогу ө. ж. ишканалары: та­меки ферменттөөчү «Максат», «Баргы» АКтары, «Астарта-Дю­бек»; жоопкерчилиги чектелген ишканала­ры: «Дары-Булак-Аб­шыр», «Ноокат-Наме­да» АК, «Ноокат-

Таме­киси» жабык типтеги АКтары, нан, калош заводу (Найман кыш-нда) иштейт. Райондун аймагын­да Улуу-Тоо лиственит кени, Улуу-Тоо оникс кени, Улуу-Тоо пикрит кени, Улуу-Тоо кальце­дон кени бар.

Райондо негизинен автомобиль транспорту өнүккөн. Анын аймагынан Ош - Ноокат - Кы­зыл-Кыя, Ноокат - Кызыл-Кыя - Араван авто­мобиль жолдору өтөт. Райондо 108 жалпы би­лим берүүчү мектеп, 5 мектепке чейинки меке­мелер, китепканалар бар. Райондук, номердик жана 9 участкалык ооруканалар, учук диспансе­ри, тиш поликлиникасы, 38 ФАП, 22 үй-бүлөлүк врачтар тобу ж. б. медициналык мекемелер иштейт.

А. Низамиев.