НООГАРДАН
НООГАРДАН, А р ы к-Б о ю - Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыштак. Халмион айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 775 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 24 км түндүк-батыш тарапта. Маргалаң т. ж. бекетинен (Өзбекстан) 60 км. Калкы 2000 (2009); негизинен жашылча өстүрүп, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.