НОКТО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОКТО — малдын башына катылуучу, ооздук­суз, тизгинсиз, чылбыр тагылган жүгөнгө ок­шогон шайман. Н. көбүнчө жылкыга, буйла­ланбаган төөгө, чүлүктөлбөгөн уйга, өгүзгө же топозго салынат. Адатта, кулун Н-су жүндөн жасалат да, чылбырдын ордуна желедеги чык­тага кыска сагак тагылат. Ошондуктан кулун Н-су менен агытылса да, эч жерге илинип-чалын­байт. Н-ну устат кайышчылар, өрмөкчүлөр түрдүү оймо-чийме түшүрүп, жез, калай чөгөрү­лүп кооздогон.