НОКОТ
НОКОТ (С1сег апеНпит) - чанактуулар тукумундагы бир жылдык дан өсүмдүгү. Негизинен дан жана тоют үчүн өстүрүлөт. Данында 22-28% белок, 4,5%ке чейин май болот. 3-4 миң жыл мурда Жер ортолук деңизинин жээгиндеги мамлекеттерде (Египет, Грекия, Рим ж. б.) эгилгени белгилүү. Н. кургакка жана ысыкка чыдамдуу болгондуктан, Африка континенти менен Азиянын түштүк жагындагы мамлекеттерде (Индия, Кытай, Араб жергесинде) көп аянттарга эгилет. Дыйканчылыкта, сорт сыноо станцияларында Н. гектарынан 30-40 цге чейин дан берет. Борбордук Азия эли Н-ту сууда буулантып бышырып, ар кандай жыттуу ширелерди кошуп, тамакка колдонушат. Н-тун уну кондитердик татымалга, консервага жана колбасага кошулат.