НОВЫЙ ФЛЮОРИТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОВЫЙ ФЛЮОРЙТ КЕНИ, Айдаркен флюорит кени Баткен облусунун Кадамжай р-нунда. Айдаркен кенташтуу аймагында, Алай кырка тоосунун түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1900- 2200 м бийиктикте. Түштүк Кыргыз геол. экспеди­циясы чалгындоо иштерин жүргүзүп, 1971- жана 1986-жылы запасын бекиткен. Кен аймагын силур, девон, карбон мезгилдеринин кумдук, акиташ, конгломерат тектери түзөт. Кён киноварь, ан­тимонит, флюорит менен минералдашкан жаспе­роид жана жаспероиддүү брекчия кабаттарына топтолгон. Флюорит майда тарам, чогунду жана ар кандай формадагы линза, уя сымал. Өңү кө­гүш кызгылтым, сыя көк түстө, тунук. Орт. өл­чөмү 12,9% . Флюориттин запасы С^категория­сы боюнча - 578 миң т, С2-358 миң т. 1997-жылга карата баланстагы запасы Сх - 313 миң т, С2- 320 миң т.