НОВОРОССЙИКА МРАМОР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОВОРОССЙЙКА МРАМОР КЕНИ Чүй облусунун Кемин р-нунда, Шабдан кыштагынан 2,5 км батыш­та, деңиз деңгээлинен 1550-1620 м бийиктикте жай­гашкан. 1969-70-ж. Түндүк Кыргыз геол. экспеди­циясы чалгындаган. Кен аймагын ортонку про­терозойдо пайда болгон метаморфизмделген сла­нец, амфиболит, мрамор жана мраморлошкон акиташ тектери түзөт. Мрамор катмарынын аян­ты 160x120 м. Мрамор эң жогорку кооздукта, серпентиниттелип, кесек жана майда кристалл­дуу. Кесек кристаллдуусу боз-көк түстүү, май­дасы ар түрдүү жашыл өңгө боёлгон. Мрамор­дун физикалык-механикалык касиеттери: орт. тыгыздыгы 2,59- 2,74 г/см³, көзөнөктүүлүгү 0,8-4,0%, суу си­ңирүүсү 0,2-2,0%, жумшаруу коэффициенти 0,91-0,96, үстүнөн басылгандагы бышыктыгы­нын чеги кургак абалда 66,5-93,9 МПа, сууга каныккан абалда - 61,4-87,7 МПа, жешилүүсү 2,1-2,5 г/см³, ийилгендеги бектиги 17,2 МПа, суукка чыдамдуулугу - 25 цикл. Мрамор кап­тама таш жана кооз буюмдарды жасоого жарайт. 0,8ден 2,7 лг3ге чейинки көлөмдөгү блоктордун чыгышы 57,57%ти түзөт, 0,53 тен 0,77 чейин­киси 27,67%, 0,06дан 0,38 лЛе чейинкиси - 14,76%. Бир куб метр блоктон 25 мм калың­дыктагы даяр тактанын чыгышы - 19,01 лг3. Мрамор жакшы сайкалданат. Запасы С: кате­гориясы боюнча - 41634 лг3, С2 категориясы боюнча - 92618 лг3.