НОВОПОКРОВКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОВОПОКРОВКА - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыштак. Кыштактын бир бөлүгү Но­вопокровка (калкы 4499), бир бөлүгү Логвинен­ко айыл аймагына (10979) карайт. Райондун борбору Кант шаарынан 7 км батыш тарапта. Биш­кек - Балыкчы т. ж-нун жана Бишкек - Кара­кол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 740 м бийиктикте жайгашкан. Кыштактын түштүк четинен Чоң Чүй каналы өтөт. Кыштакты ара­лап Норуз суусу агат. Кыштак 1907-жылы пайда болгон. Калкы 16,1 миң (2010); негизинен мал багып, дыйканчылыкта эмгектенет. Үч орто мектеп, 2 китепкана, 5 бала бакча, поликлини­ка, оорукана, дарыканалар, маданият үйү, клуб ж. б. бар. Автомобиль ремонттоочу цехтер, турмуш­тиричилик кызматы, ресторан, кафе-барлар, «Кантвино» АК ж. б. иштейт. Кыштакта Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эки эстелик тургузулган.