«НОВАЯ ЖИЗНЬ» КОММУНАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«НОВАЯ ЖИЗНЬ» КОММУНАСЫ - 1919-жылы 6- январда Кыргызстандын аймагында уюшулган ал­гачкы а. ч. коомдук бирикмелердин бири. «Ком­муна» - марксисттик көз караш боюнча комму­низм куруунун алгачкы баскычы катары сана­лып, Совет бийлиги тарабынан кеңири колдо­нула баштаган. «Н. ж.» к. адегенде Пишпек уезддик партиялык уюмдун төрагасы Анын Ичинде Ивани­цындын демилгеси менен уюштурулуп, 1919-жылы жазында Пржевальск уездине көчүрүлгөн. «Н. ж.» к. мамлекеттин жардамы менен тез өнүгүп, жергиликтүү дыйкандарды коллективдүү чарбага тар­тууда маанилүү роль ойногон.