НОВАТОРЛУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОВАТОРЛУК - алдынкы үлгүлүү жазуучунун адабиятка мазмун жана көркөмдүк жагынан киргиз­ген, жараткан жаңылыгы, көркөм ачылышы же табылгасы. Н. салттуулук менен тыгыз байла­ныштуу. Жаңычылык мурдагы адабий салттар­ды танып, жокко чыгарбайт, тескерисинче, ага таянат, жаңы шартка ылайык өздөштүрөт. Н. түшүнүгү жеке жазуучунун же жеке бир кон­креттүү мезгилдеги адабияттын өнүгүшү менен тыгыз байланышта каралат. Кыргыз адабиятында Н. ма­селеси баарынан мурда орус жана дүйнөлүк клас­сиктердин адабий тажрыйбаларын өздөштүрүүгө тыгыз байланыштуу. Кыргыз поэзиясындагы Н-тун үлгүсү катары А. Осмоновдун чыгармачылыгын көрсөтүүгө болот. Акын элдик поэзиянын ал­дынкы үлгүлөрүнө жана дүйнөлүк поэзиянын салттарына таянуу менен бирге, өзүнүн оригинал­дуу чыгармаларын жараткан. Анын ырлары өзүнүн образ түзүлүшү, строфалык өлчөмдөрү боюнча сөзсүз Н. мүнөзгө ээ. Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы кыргыз адабиятын аңгеме, повестъ, ро­ман жанрын Н. тилкеге алып чыкты. Жазуучу­нун «Бетме-бет», «Жамийла», «Саманчынын жо­лу», «Биринчи мугалим» сыяктуу аңгеме, повест­тери сюжетте берилген окуялардын драмалуу­лугу, мүнөздөрдүн, каармандардын кыска, так сүрөттөлүшү, чыгарманын жалпы «аянты» ча­кан келип, кеңири турмуштук көрүнүштөрдүн даана, терең ачып берилгендиги менен кыргыз про­засындагы өткөн кылымдын 60-жылдарында­гы Н. көрүнүш катары мүнөздөсө болот. Ч. Айт­матовдун чыгармачылыгындагы изденүү пафосу анын «Гүлсарат», «Аккеме», «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повесттери, «Кылым карытар бир күн», «Кыямат», «Кассандра тамгасы» роман­дарынан да көрүүгө болот.