НОБЕЛДИН КЕРЭЭЗИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОБЕЛДИН КЕРЭЭЗИ (А. Нобелдин керээзинин текстинин котормосу) «Мен, төмөндө кол коюу­чу, Альфред Бернхард Нобель, ойлонуп жана че­чимге келип, өлөрүмө чейин иштеп тапкан мүлкүм боюнча ушул керээзимди жарыялай­мын.

Менден калган реализациялануучу бардык мүлкүм төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн: менин ке­рээз аткаруучуларым фонд түзүп, капиталым­дын баарын баалуу кагаздарга которууга тийиш, анын проценттерин, өткөн жылда адамзат үчүн өтө жогорку—пайда алып келгендерге сыйлык катары берилип турсун. Көрсөтүлгөн процент­тер теп-тең беш бөлүккө бөлүнсүн: алар төмөн­күлөргө арналат: биринчи бөлүгү - физика жаа­тында аябагандай маанилүү ачылыш же ойлоп табуу жасаганга; экинчиси - химия жаатынан, абдан зор ачылыш же эң чоң өркүндөтүү тап­канга; үчүнчүсү - физиология же медицина жаа­тында өзгөчө зор ийгиликтерге жеткенге; төр­түнчүсү - адамзат идеалын чагылткан эң бир мыкты адабий чыгарма жаратканга; бешин­чиси - элдерди баш коштурууга, кулчулукту жоюуга, армиялардын санын азайтууга жана тынчтык макулдашууларга олуттуу салым кош­конго. Физика менен химия жаатындагы сый­лыктар Швеция королдук ИА, физиология жана медицина боюнча сыйлыкты - Стокгольмдогу Королдук Каролинг институту, адабият боюнча - Сток­гольмдогу Швеция академиясы, тынчтык сый­лыгын - норвегиялык стортинг шайлаган, беш адамдан турган комитет ыйгарууга тийиш. Менин өзгөчө каалоом: сыйлыктарды ыйгарууга та­лапкердин улуту таасир этпесин, сыйлыкты скандинавдарбы же жокпу, эң татыктуулары алышсын.

Бул керээз акыркы жана биротоло чечил­ген, ал мыйзамдуу күчкө ээ жана буга чейинки менин бардык керээздеримди жокко чыгарат, эгерде мен өлгөндөн кийин андайлар пайда болсо.

Аягында, менин акыркы, сөзсүз аткарылуу­чу талабым, мен көз жумгандан кийин, ком­питенттүү врач өлгөнүмдүн чын экенин тас­тыктаган соң, менин денем өрттөлүүгө тийиш. Париж, 27-ноябрь, 1895-жылы Альфред Берн­хард Нобель.