НИЧКЕ КӨӨДҮЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИЧКЕ-КӨӨДҮЛ — Караханиддер мамлекетине таандык 10-12-к-дагы шаар калдыгы. Кетмен­Төбө өрөөнүндө жайгашкан. Жалпы аянты 700x300 м. Айланта мунаралар орнотулган. 1941-жылы проф. А. Н. Бернштам, 1958-59-ж. ар­хеолог Ы. Кожомбердиев казып изилдеген. Ка­зуу мезгилинде кыштан тургузулган 45 имарат­тын урандысы табылган. Сакталып калган ду­балдарынын бийиктиги 1-4 м. Булардын 17синин астанасына бышкан кыш төшөлгөн. Айрым бөл­мөлөрүнүн ичинде эгин сакталуучу ороолор (эки­үчтөн кумура) болгон. Бөлмөлөрдүн ичи шыба­лып, кызыл, кара ж. б. түстүү боёктор менен кооз­долгон. Алардын ичинен темир зоот, канжар, найза, жаанын жебелери, Караханиддер тушунда чегилген тыйындар табылган. Айрым окумуш­туулар (В. В. Бартольд, А. Н. Бернштам ж. б.) о. кылымдардагы Хайлам (Хатлам) ш. болсо керек деп божомолдошот.