НИЦШЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИЦЩЕ (№е!28с11е) Фридрих Вильгельм (15. 10. 1844, Саксония, Люценге жакын Рёккен - 25. 8. 1900, Веймар) - немис философу, классика­лык философиядан азыркы философияга өтүү доорунун драматизми менен карама-каршылыкта­рын өз чыгармачылыгында эң курч түрдө чагыл­дырган. Н-нин негизги идеялары: 1) өзүнө че­йинки бардык баалуулуктарды кыйраткыч сын­га алуу менен кайрадан баа берип чыгуу; 2) «бий­ликке болгон эрк» онтологиялык өзөктүү түшү­нүк. Н-нин оюнча «эрк» дегенде адамдын конк­реттүү, индивидуалдык эрки түшүнүлөт. Н. эрк­ти аң-сезимге карата биринчи деп эсептейт; 3) бийликке болгон эрктин өсүшү деген концепция­дан келип чыккан «супер адам» (англисче - «Зирегтап») идеясы. Р. Декарттын «ойлонуп жатам, демек мен бармын» деген формуласы­на Н. өзүнүн «эрким бар, аракеттенип атам, де­мек тирүүмүн» формуласын карама-каршы кой­гон. Бул Н-нин «жашоо философиясы» концеп­циясынын башатын түзгөн.