НИТРОЭФИРЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИТРОЭФИРЛЕР - молекуласында көмүртек атому менен байланышкан нитрат тобу ОЫО2 бар бирикмелер; азот кислотасы менен спирттердин, уг­леводдордун татаал эфирлери. Нитрат тобунун санына жараша моно-, ди­жана полинитроэфир­лерге бөлүнөт. Н-ге көбүрөөк мүнөздүү реакция­лардын бири спирт жана НЬЮ3 пайда кылуучу гидролиз реакциясы болуп эсептелет. Кислоталар­дын, өзгөчө щелочтордун катышуусунда гидро­лиздин ылдамдыгы өтө жогорулайт. Жегич­тердин спирттеги эритмелери Н-ди тез ажы­ратат. Концент-ланган күкүрт кислотасы менен Н. аракеттенгенде сульфоэфирлер пайда болот: КОЬЮ2+Н28О4 -+ КО8О3Н+ НЬЮ3. Көпчүлүк Н. күйүүгө жана жарылууга жөндөмдүү, мындай ка­сиет алардын курамындагы активдүү кычкыл­текке байланыштуу, кычкылтек канчалык көп болсо, ошончолук жогору болот. Н. спирттер­ди, углеводдорду НЬЮ3, Н28О4 менен же уксус аль­дегидинин катышуусунда этерификациялоо менен алынат: КОН+НЬЮ3 ->КОЬЮ2+Н2О. Кээ бир Н. - кубаттуу жарылгыч заттар. Н-ди сактоо­до, ташууда жана колдонууда жарылуу коркуну­чу абдан жогору. Ошондуктан алар менен иштөө катуу көзөмөлгө алынат. Көпчүлүк Н. - физиол. активдүү заттар. Буусу менен дем алганда же алар териге, өзгөчө тамак сиңирүү органдарына түшсө, жүрөктүн согуусу тездеп, башты ооруутуп, ка­туу ууланууга алып келет.