НИМФА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИМФА (грекче путрйё - личинка) - муунак бут­туулардын куурчакча стадиясы жок жеке өр­чүүсүндөгү имаго алдындагы стадиясы. Кенеге,

алгачкы канатсыздарга жана толук эмес кубулуп өрчүүчү курт-кумурскаларга (таракандар, кып­чуурлар) мүнөздүү. Н. жетилген формага окшош, бирок андан жыныс аппараты, ал эми канат­туу курт-кумурскалардын канаттарынын өрчүп жетилбегендиги менен айырмаланат. Көп жолу түлөгөндөн кийин Н. имагого айланат.