НИКУЛИН
НИКУЛИН Юрий Владимирович (18. 12. 1921, Смоленск обл., Демидов - 21.8.1997, Москва) - цирк артисти, клоун, киноактёр, СССР эл арт. (1973). 1950-жылы Москва циркинин сөз жанры студиясын бүтүргөн. 1982-97-ж. Цветной Вульвардагы Москва мамлекеттик циркинин көркөм жетекчиси жана директору. 1947-жылдан клоун катары
таанылган. М. И. Шуйдин менен дуэттерде чыгып жүргөн. Н. бир караганда өтө эле жөнөкөй, бирок эч кимге «жемин жедирбеген» кейипкердин образын түзгөн. 1958-жылдан киного тартыла баштаган. Л. И. Гайдайдын комедияларындагы («“Ы” операциясы жана Шуриктин башка жоруктары» (1965), «Кавказ туткуну» (1967), «Жакут кол» ж. б.). Комедиялык кейипкерлер менен катар «Кел мага, Мухтар» ( 1965), «Каракчы чалдар» (1972), «Алар мекен үчүн салгылашкан» ж. б. фильмдерде драмалык ролдорду да аткарган. Телекөрсөтүүдө «Ак тоту куш» берүүсүн алып барган. «Дээрлик олуттуу...» китебинин автору (1979, 1987, 1995). РСФСР мамлекеттик сыйл. (1970) лауреаты. Социалисттик Эмгектин Баатыры (1990). «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.
