НИКОТИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИКОТЙН (фр. nicotine, Францияга тамекини 1-жолу алып келген фр. дипломат Ж. Никонун атынан) - тамекинин жалбырагы менен уругунда ж. б. өсүмдүктөрдө кездешүүчү уу алкалоиддер­дин бири. Суу менен жакшы аралашуучу өзгөчө жыттуу, түссүз суюктук. Абада кычкылданып, күрөң түскө өтөт. Аз өлчөмдө болсо борбордук нерв системасын дүүлүктүрүп, дем алууну кыйында­тып жана кан басЫмын жогорулатат, көбүрөөк өлчөмдөгүсү нерв системасын шал оорусуна дуу­шар кылат же өлүмгө алып келет. Узак убакыт тамеки тарткан адамдын организми өнөкөт ууланууга учурайт. Н. ветеринарияда тери оору­ларын дарылоодо, а. ч. зыянкечтерине каршы күрөшүүдө инсектицид катары, ошондой эле никотин кислотасын жана анын амидин алууда колдонулат.