НИКОЛЕНКО
НИКОЛЕНКО Павел Фёдорович (24. 8. 1914, азыркы Чүй обл., Панфилов району, Чалдыбар кыш. - 3. 1. 1983, Харьков) - Советтик Союз. Баатыры (1943). Советтик Армияга 1941-жылы Панфилов р-ндук аскер

комиссариатынан чакырылган. 1943-жылы Владивостоктогу аскер-техникалык окуу жайын бүтүп, ошол жылы февралда кенже лейтенант чининде Түндүк-Ватыш фронтуна жөнөтүлгөн. Улуу Ата Мекендик согушта (1941-45) взводдун, ротанын командири. 1943-жылы 6-октябрда Губин кыш. үчүн салгылашта курман болгон батальондун командиринин ордуна командирлик кылып, душмандын 9 чабуулунун мизин майтарууга жана батальондун контрчабуулга өтүшүнө жетекчилик кылган. Салгылашта өзү душмандын 6 жоокерин өлтүргөн. 1944-жылы оорусуна байланыштуу запаска чыккан. Пржевальск ш-нда Мамлекеттик банктын башчысы, эсепчи болуп иштеген. Кийин Харьковдо жашаган. Ленин, 2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйланган.