МУЗЫКА ТААНУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:09, 26 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЗЫКА ТААНУУ — музыка жөнүндөгү илим; ис­кусство таануунун бир тармагы. Музыка таануу тармак­тарына музыка теориясы, музыка тарыхы, музыкалык этнография, музыкалык аспапты изилдөө илими, музыкалык акустика, музыкалык психология жана музыкалык сын кирет. XX кылымдын 60-70-жылдарында музыканын коомдогу абалынын конкреттүү формасын изилдөөчү музыкалык социология илими өзгөчө тар­мак болуп бөлүнүп чыккан. Теориялык музыка таануу турмуштук чындыкты музыкада чагыл­дыруунун ыкмаларын, музыканын негизги мый­зам ченемдерин, жалпы эле музыкалык өнөрдүн өзгөчөлүктөрүн изилдейт. Музыка таанууга музыкалык аткаруу­чулуктун принциптерин (жеке жана хор менен ыр­доо, дирижёрлук өнөр, ар түрдүү музыкалык

аспаптар­да ойноо) жана музыкалык үндүн (сольфеджио) өнүгүшүн иштеп чыгуучу илимий-методикалык дисциплина­лар кирет. Т а р ы х ы й музыка таануу музыкалык маданияттын коомдун өзгөрүү шарттарына карай өнүгүшүнүн бүтүндөй бир көрүнүшүн кайра түзүү максатын көздөйт. Тарыхый музыка таануу музыканын жалпы тарыхы менен катар жеке элдин музыкалык тарыхын, музыкадагы жанр менен форма (мисалы, опера, сим­фония, соната), аткаруучулук өнөр түрлөрүнүн (пианизм, скрипкалык өнөр жана башкалар) тарыхын да камтыйт. Эл музыкасын (музыкалык фольклорду) изилдөө музыка тарыхынын негизги бөлүгү бол­со, ал эми анын өзгөчөлүктөрүн изилдөө менен музыкалык этнография илими келип чыккан. Музыкалык маданиятта олуттуу роль музыкалык сынга таандык. Ал учурдагы жана өткөн замандагы музыкалык байлыктарды тал­дап баалайт. Музыкадагы илимий көз караштын алгачкы элементтери байыркы доордогу маданияты жогору өнүккөн Кытай, Индия, Грекия жана башка өлкөлөрдө пайда болгон. Гректин көрүнүктүү музыкалык теоретиги Аристоксендин (Аристотелдин шакирти, биздин заманга чейинки IV кылым) музыкалык кубулуштарды тал­даган эмгектери бар. Музыка таанууга 0рто Азия илимпоз­дору [Абу Наср аль-Фараби (X кылым), Ибн Сина (X-XI кылымдар)], араб, фарсы, византия теоретикте­ри зор үлүш кошкон. XVIII кылымда Ж. Мартини (Италия), Ж. Хокинс менен Ч. Берни (Улуу Бри­тания), XIX кылымда Г. Берлиоз, Р. Шуман, Р. Ваг­нер, Ф. Листтин музыкага арналган сын эмгек­тери жарык көргөн. Компизоторлор М. И. Глин­ка, А. С. Даргомыжский, М. А. Балакирев, М. П. Мусоргский, А. П. Бородин, П. И. Чай­ковский жана башка эстетика тууралуу маанилүү пи­кирлерди айтышкан. XX кылымдын башында музыкалык фольклористика өнүккөн. А. Д. Кастальский менен Е. В. Гиппиус орустун, Д. И. Аракишвили грузиндин, В. А. Успенский өзбек менен түрк­мөндүн, Г. Б. Ерзакович, А. Жубанов казактын, А. В. Затаевич менен С. Виноградов, Б. Алагушов кыргыздын фольклорун жыйнап изилдеген. Азыркы кезде улуттук музыкалык өнөрдү изилдөө искусст­во таануу институттарында жүргүзүлөт. Кыргыз Улуттук консерваториясында, Б. Бейшеналие­ва атындагы искусство институтунда, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтма­тов атындагы Тил жана адабият

институтунда искусство бөлүмү кыр­гыздын элдик, профессионал музыкасын изилдөө боюнча илимий эмгектерди жаратууда.

Ад.: Музыкальная энциклопедия. В 3 т. М., 1976; Виноградов В. С. Киргизская народная музыка, Ф., 1958; Алагушов Б. Кыргыз музыкасы. Энциклопедия. Б., 2007. Б. Алагушов.