МУЗЫКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:53, 26 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЗЫКА (грекче musike - музалар өнөрү) - иск­усствонун бир түрү. Добуш салуу, обон жаратуу көркөм өнөрү; айлана-чөйрөнү добуш аркылуу көркөм чагылдыруу, адамдын ички дүйнөсүн добуштун, үндүн жардамы менен алардын бийик­тик, ыргактык, тембрдик жана башка касиеттерин айкалыштыруу аркылуу көркөм жыйынтык­тоого жетишүү, чыгарма жаратуу өнөрү. Музыка адамдын дилиндеги ар кандай ой-сезимдерди ачып бере алат жана эмоциялык таасири аркы­луу бүткүл адамзат тарыхында коомдук идея­лык, маданий-тарбиялык маанилүү роль атка­рат. Музыка белгилүү бир адабий чыгарманын маз­мунуна (сюжетине) негизделип жаралат. Тур­мушта кездешүүчү башка үндөрдөн музыкалык үндөрдүн айырмасы алардын бийиктик жана убакыттык (ыргактык) катнаштары жагынан өтө такты­гында. Музыканын пластикалык өнөрдөн, адабияттан, театрдан айырмасы - образдарды үн каражат­тары менен гана сүрөттөгөнүндө. Музыкада эпикалык, драмалык жана лирикалык мазмун, айрыкча ли­рикалык ой-сезимдер, таасирлер көбүрөөк баян­далып, жагымдуу образдар басымдуулук кылат. Анда байыртан, айрыкча романтизм доорунан баштап терс образдар да (ирония, карикатура, гротеск) туюнтулат. Ар кайсы кылымда улут­тук музыка белгилүү типте калыптанган үн кайрык­тары менен мүнөздөлөт. Бул үн кайрыктары ошол доордун жана улуттун музыкалык «тили» деп айтылат. Музыкалык «тилдердин», көбүнчө тондордун бийиктик катыштары ладдын, ал эми убакыттык катыш­тары метрдин негизинде жүрөт. Музыкалык үндөр

бел­гилүү мыйзам ченемде куюлушуп, обонду пайда кылат. Обон - музыканын эң жөнөкөй жана алгачкы формасы, негизги өзөгү (к. Обон). Музыканын негизги элементтери жана көркөм каражаттары: лад, ыргак, метр, темп, динамика, тембр, обон, гармония, полифония, аспапташтыруу. Музыка но­тага түшүрүлүп аткарылат. Адамдын музыкалык жөн­дөмү, негизинен, чыгармачылык (музыка жазуу), атка­руучулук (к. Музыкалык аткаруу) жана кабыл­доо деп үч түргө бөлүнөт. Бул үчөө музыканы жайылтуу жана пропагандалоо, илим-изилдөө, музыкалык сын (к. Музыка таануу), музыкалык кадрларды даярдоо иш-чаралары коомдук музыкалык маданиятты түзөт. Музыкалык маданият ар бири өзүнө таандык белгилери бар чыг­армачылык түрлөргө бөлүнөт: 1) мазмуну жагынан

ли­рикалык, эпикалык, драмалык, баатырдык, трагедиялык музыка, башкача айтканда - олуттуу жана жеңил му­зыка; 2) аткаруучулук жагынан-вокалдык жана аспаптык музыка, башкача айтканда, жеке аткарылуучу, ан­самблдик, оркестрдик, хордук, аралаш музыка; 3) искусствонун башка түрлөрү менен бирге театр му­зыкасы, бий музыкасы, программалуу-аспап­тык, мелодрама (музыка фонунда көркөм окуу) жана сөз менен айтылуучу вокалдык музыка; 4) атка­рылыш ордуна карай - оюн-зоок (музыкалык театр, драмалык театр, кино музыкасы), концерттик (симфониялык, камералык, эстрадалык), көпчүлүк-турмуштук (ыр, бий) жана үрп-адат музыкасы (чиркөө ырлары жана башкалар); 5) композициялык түзүлүшү жана музыкалык «тили» боюнча бир бөлүмдүү жана циклдик жанр­лар болот. Мисалы, оюн-зоок музыкасы - опера, балет, оперетта жана башкалар; концерттик музыка - симфония, сюита, увертюра, поэма, аспаптык концерт, оратория, кантата, трио, квартет, романс жана башкалар; үрп-адат музыкасы - хорал, месса, реквием жана башкалар. Бул жанрлардын ар бири өз ара жанрдык түрлөргө бөлүнөт, мисалы, операда, опереттада, оратория менен кантатада ария, хор; балетте адажио жана жеке бийленүүчү вариация; симфонияда, сона­тада, камералык-аспаптык ансамблде анданте жана скерцо жана башкалар кездешет.

Батыш Европада VI-VII кылымдарда бир үндүү чиркөө ырлары, кийин көп үндүү ырлар, вокалдык (хор) жана вокалдык-аспаптык чыгармалар (хор жана орган) калыптанган. XII кылымда Францияда алгач композитор мектеби (Париж Теңир эне соборун­да), XVIII кылымдын 1-жарымында опера театры,

фи­лармония (концерттик) коому жана башка музыкалык меке­мелер түзүлгөн. Жаалуу кыл аспап түрлөрү (скрипка, виолончель), алгачкы фортепиано (1709, Б. Кристофори, Италия) пайда болгон. Музыкалык билим берүү (Италия консерваториясы) өркүндөп, музыкалык илимден музыкалык сын бөлүнүп чык­кан (И. Маттезон, Германия 18-кылымдын башы). Вокалдык аспаптык жанрдан опера (Италия, Франция, Англия), оратория (Германия, Ита­лия, Англия), кантата (И. С. Бах), ошондой эле жаңы аспаптык жанрлар - оркестрлик жана жеке кон­церт (А. Корелли, А. Вивальди, Ж. Тартини, И. Вах, Г. Гендель), камералык ансамблде жана жеке аткарылуучу соната (Ж. Витали, А. Ко­релли, Д. Скарлатти), орган (Ж. Фрескобальди, Д. Букстехуде, И. Бах, Г. Гендель) жана клаве­син музыкасы (Англия - У. Берд, Ж. Булл жана башкалар, Франция - Ф. Куперен, Ж. Рамо) өнүккөн, ошондой эле бий сюитасы, симфония жана соната (Й. Гайдн, В. Моцарт, Л. Бетховен), балет (К. Глюк, Л. Бетховен) өзүнчө жанр катары ка­лыптанган. XIX кылым улуттук композиторлор мек­тебинин гүлдөө мезгили болду, мисалы, орус (не­гиз салуучусу М. И. Глинка), поляк (Ф. Шо­пен, С. Монюшко), чех (Б. Сметана, А. Двор­жак), венгр (Ф. Эркель, Ф. Лист). XIX кылымдын 2- жарымында орус музыкасында П. И. Чайковский менен «Кубаттуу топтун» композиторлорунун (М. А. Балакирев, А. П. Бородин, М. П. Мусорг­ский, Н. А. Римский-Корсаков, Ц. А. Кюи) иш­мердиги айрыкча көрүнгөн. XX кылымдын дүйнөлүк музыкалык өнөрүндө советтик музыкага зор роль таандык. Көп­төгөн көрүнүктүү композиторлор: Н. Я. Мясков­ский, Ю. А. Шапорин, С. С. Прокофьев, Д. Д. Шос­такович, Т. Н. Хренников, Д. Б. Кабалевский, Анын Ичинде Хачатурян, Н. Г. Свиридов, Р. К. Щед­рин, Е. Г. Брусиловский, К. Караев жана башкалар өсүп чыккан. Кыргыз музыкасы элдин эзелтен берки тарыхын түркүн жанрлар менен чагылдырып келген. Ток­тогул, Муратаалы, Карамолдо, Ыбрай, Атай сыяктуу залкар комузчулар ар кандай окуяны, эл мүдөөсүн күүгө салып, журтчулукка тартуу­лаган. Мындан тышкары ырчылык өнөр да (ай­тыш, кошок жана башкалар) музыкалык маданияттын өнүгүшүнө өбөлгө болгон. Бул айрыкча Эшмамбет, Калык, Алымкул, Муса, Мыскал өңдүү аткаруучулар­дын өнөрүнөн көрүнөт. Кыргыз профессионал музыкасынын өнүгүшүнө А. Малдыбаев, А. Түлеев, М. Абдраев, К. Молдобасанов, А. Аманбаев, Т. Эрматов, Н. Давлесов өндүү композиторлордун кошкон үлүшү зор. Алар улуттук музыкалык маданиятты өнүктүрүүдө зор эмгек кылышты.

Ад.: Алагушев Б. Кыргыз композиторлору. Ф., 1969; Розеншильд К. История зарубежной музыки. В. 1-е, 3-е изд. М., 1973. Кыргыздын музыкалык аспаптары. Ф., 1975; Комузчулар өнөрү. Ф., 1976; Музыкальная энциклопедия, Т. 1. М., 1976. Михайлов А. В. Музыка в истории культуры. М., 1995; Алагушов Б. Кыргыз музыкасы. Энциклопедия. Б., 2007. Музыка как форма интеллектуальной деятельности. 2-е изд. М., 2009. Б. Алагушов.