МУЗАЛАР
МУЗАЛАР - байыркы грек мифологиясындагы искусство, илим, поэзия кудайлары, пирлери. Тогуз муза адегенде грек акыны Гесиоддун (биздин заманга чейинки 7-кылым) «Теогониясында» аталган. Клио - тарыхтын, Евтерпа - поэзия менен музыканын, Талия - комедиянын, Мельпомена - трагедиянын, Терпсихора - бийдин, Эрато - сүйүү лирикасынын, Полигимния - гимндердин, Урания -
астрянын, Каллиона - эпостун кудайлары. Аполлон музалардын пири деп эсептелген.