МУРДАШ-БАШЫ АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨРҮ
МУРДАШ-БАШЫ АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨРҮ — коло дооруна жана орто кылымга таандык археологиялык эстелик. Алай кырка тоосунда, Үч-Дөбө айылынан 20 км түндүктө жайгашкан. Анда дөңгөлөктөр, тоо эчкилер, күн түспөлдөш белгилер, төөлөр жана колдорун жогору көтөрүп, ритуалдык бий аткарган адамдардын сүрөттөрү тартылган. Аска бетинде сүрөттөрдөн эрте көчмөндөрдүн көркөм искусствосуна мүнөздүү илбирс сыяктуу чоң жырткычтын сөлөкөтү көркөм чеберчиликте белгиленген. Кыргыз тарыхчылар жамааты менен Түрк тарых курумунун биргелешкен археологиялык экспедициясы тарабыңан 2000-жылы изилденген.