МЕЙМАНКАНА
МЕЙМАНКАНА, конок үйү - калктуу конуштарда адамдар убактылуу жашаган мүлк комплекси, мекеме. Ал түрдүү (мотель, отелъ жана башкалар) кызмат аткарат. Алгачкы мейманканалар байыркы мезгилде пайда болуп, ири соода жолдорунда (мисалы, Улуу Жибек жолундагы Таш-Рабат кербен сарайы), диний зыярат жайларында (Меке, Рим жана башкалар) жол тоомдорунда салынган. Коомдун өнүгүшү менен жер кезерлер менен саякатчылардын көбөйүшүнөн мейманканага кардарлар кескин өскөн. Мунун натыйжасында бүгүнкү күндүн талабына ылайык ар кандай тейлөө
кызматы (эмереги менен өзүнчө бөлмө, коридор, жалпы холл, ресторан, бассейн жана башкалар) бар. мейманканалар (отелдер) пайда болгон. Алар кардарларды тартуу үчүн ар кандай шарттары бар жылдыз белгилери (1ден 5ке чейин) менен белгиленип бөлүнөт. Кыргызстанда 5 жылдыздуу эң жогорку тейлөөсү менен «Хаят», «Ак-Кеме» жана башка мейманканалар бар.