МЕДЕТБЕКОВ Капар
МЕДЕТБЕКОВ Капар (11. 12. 1931, азыркы Талас облусу, Кара-Буура району, Шекер кыштагы - 25. 6. 2012, Бишкек) - актёр, Кыргыз ССР эл артисти (1973), Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун эл артисти (1991). 1955-жылы Ташкенттеги А. Н. Островский атындагы театр-көркөм институтунун актёрлук факультетин бүтүргөн.

1955-1962-жылдары Т. Сатылганов атындагы Жалал-Абад драма театрында, 1962-жылдан М. Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык театрында, 1993-жылдан Бишкек шаарындагы Жаштар театрында иштеген. К. Медетбеков кеңири масштабдуу драмалык, комедиялык образдарды бирдей аткарып, каармандарга психологиялык мүнөздөмө бере билген актёр. Негизги ролдору: Курманбек («Курманбек»), Чокмор («Чокмор»), Каныбек («Каныбек», үчөө тең К. Жантөшевдики), Вожак (В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия»), Отелло (У. Шекспир, «Отелло»), Ашырбай (Т. Абдымомунов, «Ашырбай») жана башкалар.
Режиссёр катары К. Эшмамбетовдун «Эгиздер», Э. Токтогуловдун «Тоо балладасы» жана башка спектаклдерди койгон. «Айсулуунун талаасы», «Биринчи», «Ташка баткан элестер» кино фильмдерине тартылган. М. Рыскулов атындагы сыйлыктын лауреаты. III даражадагы Манас ордени жана медалдар менен сыйланган.
