МЕДАЛЬОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:34, 24 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕДАЛЬОН (французча médaillon) - сүйрү же тегерек алкакка салынган сүрөттүү же оймо-чиймелүү композиция. Монументтик жасалга жана жасал­га-колдонмо искусствосунда имаратты же

Моюнга салчу медальон

тиричи­лик буюмунун кооздук жасалгасынын ажыра­гыс бир бөлүгү болуп эсептелет. Архитектуралык жа­салгада медальон, эреже катары, рельеф, кооздоп жа­зуу, мозаика каражаттары менен аткарылат; жа­салга-колдонмо өнөрүндө - эмаль, инкрустация, интарсия, оюп кесүү жана башкалар кошумчаланат. Өз алдынча буюм катары медальон аялдардын тегерек же сүйрү формадагы, моюнга салынуучу азем бую­му түрүндө колдонулат.

Архитектурадагы медальон