МЕГАЛИТ МАДАНИЯТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:14, 24 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕГАЛИТ МАДАНИЯТЫ - энеолит менен коло дооруна таандык бир катар археологиялык маданияттар­дын жалпы аталышы. Мегалит курулуштары (дольмендер, менгирлер, кромлехтер жана башкалар) ошол кезде тургузулган. Кээ бир илимпоздор бул курулуштарды адегенде Батыш Европанын деңиз жээктеринде жашап, кийин башка аймакка та­раган уруулар салган деп божомолдошкон.

Мегалит маданиятына тиешелүү көрүстөндөр ком­плекси (Ирландия, Бойн суусунун жээги).

Би­рок азыркы изилдөөлөр бул божомолду төгүнгө чыгарып, Европада мегалит курулуштарын са­луу түштүктөгү бирдиктүү борбордон түндүккө тарагандыгын далилдейт.