МЕАНДР (орнамент)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:13, 24 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕАНДР - ичке тилке түрүндөгү үзгүлтүксүз ли­ниянын тик бурчта сыyышынан же спираль түзүүчү үзгүлтүксүз ийри сызыктан түзүлгөн геометриялык

орнамент түрү. Түркиядагы ийри-­буйру болуп ак­кан Меандр (азыр Чоң Мендерес) дарыясынын атынан аталган. Неолит­тен белгилүү.

Меандр антикалык көркөм искусстводо жана архитектурада кеңи­ри колдонулган, кыргыз жасалга-колдонмо өнө­рүндө да көп кездешет.