МАШААН КӨРҮСТӨНҮ
МАШААН КӨРҮСТӨНҮ - II-IV кылымдарда жашаган уруулардан калган мүрзөлөр. Алай өрөөнүндөгү Дароот-Коргон кыштагына жакын жерден табылган. Көрлөрү төрт бурчтуу (2x3 жана 10x12 м)
корумдардан курулуп, өлүк казанакка (катакомбага) коюлган. Андагы адамдардын баш сөөктөрүнүн түзүлүшүнө караганда алар чыгыштан жер ооп келген деп болжоого болот. Машаан көрүстөнүн 1947-жылы жакынкы чыгыш таануучу А. Н. Бернштам, 1966-жылы археолог А. К. Абетеков изилдеген.