МАТЬЁ Мирей

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:27, 24 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera «МАТЬЁ» барагын «МАТЬЁ Мирей» деп кайра атады) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАТЬЁ Мирей (22. 7. 1946-жылы туулган, Авиньон) - француз эстрада ырчысы. Атайын музыкалык билим алган эмес. Композитор, пианист П. Мориадан сабак алган. 1964-жылы шаардык ыр конкурсунда же­ңишке жетип, 1965-жылы телекөр­сөтүүгө ырдап чыккан. 1966-жылы «Олимпия» за­лындагы концер­ти зор ийгиликке ээ

МАТЬЁ Мирей

болгон. Матьёнун стилинин калыпта­нышына белгилүү шансон ырчы Ше­валье зор таасир тийгизген. Көптө­гөн чет өлкөлөрдө гастролдо болгон.Советтик Социалисттик Республикалар Союзуна (бирин­чи жолу 1967-жылы) жана Россия Федерациясына бир нече жолу келген, 1975-жылы Нью­-Йоркто Карнеги-холдо ырдаган. Репертуарын француз композиторлорунун (Ж. М. Жарра, Ф. Лея, М. Легран, П. Мориа жана башкалар) ырлары, дүйнөлүк ыр маданиятынын шедеврлери түзөт. 70ке жакын альбому бар. «Журналист» кинофиль­мине тартылган (1967, режиссёру С. А. Герасимов), Ардактуу Легион ордени менен сыйланган. Мирей Матьёнин репертуарында француз, немис, англис жана орус сыяктуу 11 тилде 1200дөн ашык ыр бар. Анын эң белгилүү тректеринин арасында (алардын көбү плейлистте чогултулган) «Une vie d'amour» («Түбөлүктүү сүйүү») Шарль Азнавур менен аткарылган, орус тилдүү угуучулардын өзгөчө сүймөнчүлүгүнө ээ болгон белгилүү дуэт. «Pardonne-moi ce caprice d'enfant» ырчынын алгачкы мезгилдеги эң ири хиттеринин бири (1970-жыл). «Une femme amoureuse» Барбра Стрейзанддын «Woman in Love» (1981) аттуу хитинин француз тилиндеги версиясы. «Ciao, Bambino, Sorry» жана «Santa Maria de la Mer».

2026-жылдын жайында ырчы өзүнүн 80 жылдык мааракесин белгиледи. Ушул эле жылдын күзүндө ал «Goodbye My Love, Goodbye» аттуу дүйнөлүк коштошуу гастролунун жыйынтыктоочу бөлүгү катары Германиянын бир катар шаарларында концерттерди берди. Бирок ал келечекте кээде, айрым учурларда гана сахнага чыгып калышы мүмкүн экенин да жокко чыгарбастыгын белгиледи.