МАТИСС Анри Эмиль Бенуа

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 24 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАТИСС Анри Эмиль Бенуа (31. 12. 1869, Нор департаменти, Ле-Като - 3. 11. 1954, Ниццага жа­кын, Симьез) - француз живописчиси, график жана скульптор. 1891-жылдан Парижде Жюлиа­на академиясында, Жасалга искусство мектебинде (1893) жана Асем искусство мектебинде (1895-1899) окуган.

П. Гогенден, неоимпрессионизмден, эски араб жана япон сүрөт искусствосунан, байыркы орус иконаларынан таасирленген. 1915-жылдан ку­бизмдин таасиринде жүргөн. Матисстин негизги эмгектери: «Бий», «Музыка» (1910, Ленинград, Эрмитаж), «Сүрөтчүнүн өнөрканасы» (1911, Москва, А. С. Пушкин атындагы сүрөт искусство музейи), «Му­зыка сабагы» (1916-1917, Нью-Йорк, азыркы иск­усство музейи). Матисс монументалист катары да белгилүү.

А. Матисс. «Коллиуранын көрүнүшү» 1905-жылы чен. Эрмитаж. Санкт-Петербург.
А. Матисс. «Көк жылаңач III», декупаж. 1952. Улуттук заманбап искусство музейи. Париж.

Ад.: Сперлинг X. Матисс. М., 2011.