«МИҢ КЫЯЛ»
«МИҢ КЫЯЛ» - Токтогулдун шыңгырамалар буроосунда (толгоосунда) жана аны чертүү чегинде жараткан шандуу күүсү. Таасирдүүлүгү жана көркөмдүк касиети боюнча симфониялык салтанаттуу увертюрага тең болгон терең мазмундуу чыгарма. В. С. Виноградов, Ч. Исабаев, Б. Феферман жана башкалар тарабынан нотага салынып, жыйнактарга жарыяланган. Композиторлор тарабынан симфониялык, камералык жана эл аспаптар оркестрлеринде аткарууга ылайыкташтырылып, иштелип чыккан.