МАСТРОЯННИ Марчелло

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:56, 24 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) (майда түзөтүү) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
МАСТРОЯННИ Марчелло

МАСТРОЯННИ Марчелло (Марчелло Винченцо Доменико) [28. 9. 1924 (23), Лоцио обл., Фрози­ноне провинциясы, Фонтана-Лири - 19. 12. 1996, Париж] - италян актёру. 1947-жылы Римдеги университет театрында актёр, 1940-1950-жылдарыы Л. Висконти­нин труппасында иштеген. Киного 1947-жыл­дан тартылган. Соңку жана «күлгүн» неореализм мезгилиндеги фильмдерге жана Висконтинин фильмдеринде (Кыялкеч, «Буурул түндөр»; Мер­со, «Бейтаныш») башкы ролдорду ойноп атагы чыккан. Мастроянни драмалык жана комедиялык да рол­дорду бирдей аткарган. С. Лорен менен актёрдук дуэти дүйнөлүк кино өнөрүндө үл­гү катары таа­нылган («Кечээ, бүгүн, эртең», «Итальянча нике­лешүү», «Күн ка­рамалар» - В. Де Сики). Кинодо 150дөн ашык роль аткарып, улуттук мүнөздөрдүн гале­реясын түзгөн. 1970-1980-жылдар­да Э. Скола («Ич күйдүлүк азабы», Канндагы Эл аралык кинофестиваль сыйлыгы; «Саат канча болду?», Венециядагы Эл аралык кинофестиваль сыйлыгы жана башкалар), Мастроянни Феррери («Ак аялга тийбе», «Пьеранын тар­жымалы» жана башкалар), Болоньин («Жакшынакай Ан­тонио»), Л. Кавани («Тери» жана башкалар),

Н. С. Михал­ков («Кара көздөр», Канндагы Эл аралык кинофестиваль сыйлыгы) жана башка режиссёрлордун фильмдерине тартылган. Вене­циядагы Эл аралык кинофестивалдын «Кинематографиялык карьерасы үчүн» сыйлыгы арзыган (1990).

Ад.: Бьяджи Э. Красивая жизнь: М. Мастроянни рассказывает. М., 2007.