География:ЧАЕК (КАШКАТЕРЕК) МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:28, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧАЕК (КАШКАТЕРЕК) МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Нарын облусунун Жумгал р-нундагы дарылык касиети бар минералдуу ысык суу. Чаек кыш-нан 3 км түн.-чыгыш тарапта,Четкууганды сайынын оң өйүзүндө, Жаманталаа адырынын четинде, деңиз деңг. 2200 м бийиктикте жайгашкан. 1981-ж. бургуланып, 1115 м тереңдиктен чыгарылган. Кен аймагында неогендин гравелит, кумдук, чопо, к онг лом е рат тоотектери ж-а анын үстүн жаап жаткан байыркы төртүнчүлүк мезгилдин чөгүндүлөрү жатат. Суу плиоцендин калыңд. 3 мге жеткен гравелит катмарында топтолгон. Темп-расы 47,5–48,5°С, суткалык чыгымы 14 л. Түссүз, күкүрттүү суутек жыттанып, бир аз минералдашкан (5,2 г/л), хим. составы б-ча хлорид-натрийлүү, микрокомпоненттерден цинк 35 мкг/л, жез 8 мкг/л, фтор 2 мг/л, йод 1,5 мг/л, бром 18–35 мг/л. Суу муун, тери ооруларын киринүү жолу м-н дарылоого жарактуу.