География:САРЫЖАЗ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

САРЫЖАЗ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Ысыккөл облусунун Аксуу р-нундагы дарылык касиети бар жылуу суу булагы. Эңилчек кыштагынан 2,5 км түш.-батышта, Сарыжаз суусунун сол жээгинде. Деңиз деңг. 3100 м бийиктикте жатат. Суу чыккан жерде силурдун аягы – девондун башталышында пайда болгон карбонаттуу тоотектер жатат. Булак акиташ тегиндеги тектон. жаракадан агып чыгат. Тунук, күкүрттүү суутек жыттанат. Чыгымы 0,2 л/сек, темп-расы 50°С, аз минералдашкан. Составы: сульфат-хлорид-натрийкалийлүү. Тери ооруларын сакайтууга жардам берет.