География:ФЕРСМАН ҮҢКҮРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ФЕРСМАН ҮҢКҮРҮ Ош облусундагы Ноокат р-нун аймагында. Төөмоюн тоосунун белинде, карбон мезгилинде пайда болгон акиташ тектеринде жайгашкан. Ноокат кыш-нан 8–9 км түндүгүрөөктө. Табигый пайда болгон ж-а атайы казылган үңкүрлөрдөн турат. Табигый үңкүрлөр карст шахталары (тереңд. 220 м, туура-__ сы 10 мге чейин); анын төрүндө көл бар. Кийин үңкүрдүн табигый оозу жардырылгандыктан 50 мге жеткен штольня аркылуу сырт м-н байланышат. Үңкүр, андагы минералдардын ар түрдүүлүгү м-н өзгөчөлөнөт. Кырг-ндагы терең карст шахталарынын бири. Минералог, спелеологдордун кызыгуусун арттырууда. Илимпоз А. Е. Ферсмандын ысымынан аталган.