География:КАРАҮҢКҮР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:28, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАҮҢКҮР – Каракулжа р-нун аймагындагы үңкүр, Тар суусунун алабында жайгашкан. Кырг-ндагы гипстүү катмарда пайда болгон эң ири үңкүр. Алгачкы жолу 1970-жылдардын аягында В. Е. Рейс жетектеген спелеологдор тарабынан ачылып, изилденген. Жалпы уз. 940 м, туурасы 10 мге чейин. 1930-ж. басмачылар баш калкалаган жай болгон. Азыр тарыхчылар м-н спелеологдордун кызыгуусун арттырууда.