География:КАРАЖЫГАЧ АСКАСЫ
КАРАЖЫГАЧ АСКАСЫ – Жалалабат облусунун Аксы р-нундагы табият эстелиги. Карасуунун сол жээгинде, Жаңыжол кыш. ченде. Уз. 1 кмдей, бийикт. 50 мге чейин. Палеоген м-н неогендин кызыл түстүү кумдук тоо тектеринин үбөлөнүүсүнөн пайда болгон урчук, мамы, аскалардан турат. Алар кароол мунаралары бар чептин чалдыбарын элестетет. 1975-жылдан геол. заказник.