География:БЕШҮҢКҮР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШҮҢКҮР – Чилмайрам тоосунун кыр бөлүгүнүн батыш тарабында жайгашкан карст үңкүрү. Араван р-нун аймагында. Жалпы уз. 250 м, тереңдиги 97 м. Үңкүрдөн археологдорду кызыктырган карапа шам чырактар, идиш сыныктары, арабча жазуусу бар жез тыйындар табылган. Үңкүрдү мурда жерг. эл ыйык туткан. Үңкүрдөгү табийгый кооздук сакталбай калган.