География:АКТУРПАК ҮҢКҮРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКТУРПАК ҮҢКҮРҮ Баткен облусундагы Кадамжай р-нун аймагында. Актурпак кыш-на жакын жерде. Үңкүрдүн уз. 120 м, туурасы 15–20 м, бийикт. 5 мге чейин. Палеогендин гипстүү катмарларында пайда болгон. Анда зергердик селениттин ак ж-а кызгылт түрлөрү арбын. Аэроиондуулугу б-ча да айырмаланат (1 см3 абада 24 миң аэроион кездешет; Кочкор туз дарылоо үңкүрүндө 1 см3 абада 5 миң аэроион гана). Үңкүрдү мурда жерг. эл ыйык туткан; ага байланыштуу уламыштар бар.