География:ЧЫРПЫКТЫ ЖАРЫМ АРАЛЫ
ЧЫРПЫКТЫ ЖАРЫМ АРАЛЫ – Ысыккөлдүн түн . жээгинде. Туурасы 10 кмдей келип, үч бурчтук формасында. Көлгө 3,2 км кирип жатат. Дөрө ж-а Кабырга сууларынын аллювий-пролювий шилендилеринде толкундун таасиринде пайда болгон. Көл жак жээги тегиз, аккумуляциялык. Чыгыш жээгинин көп бөлүгүн суу үстүндөгү ж-а суу астындагы кумдук жалчалары тороп турат.__