География:КАРОЙ ЖАРЫМ АРАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:27, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРОЙ ЖАРЫМ АРАЛЫ Ысыккөлдүн түн . жээгинде. Карой кыш-нын жанында. Көлгө 3,1 км кирип жаткан аккумуляциялык урчук. Туурасы 4,5 км. Кумдук, чопо, шиленди тектерден түзүлгөн. Голоценде туурасы 2,1–0,74 км болгон тектир пайда болгон. Эки капталынан Чоң-Койсуу ж-а Чолпоната сууларынын өрөөндөрү м-н чектешет. Суу астындагы уландысы 2,5 кмге (20 м тереңдикке чейин) созулат. Жээгинде кумдуу пляждын тилкеси (туурасы 10 мге чейин) бар. Батыш жээги шагылдуу сайроондордон турат. Капталдарында кумдук тоо тегинин такталары 3– 5 м тереңдикке чейин жетет. Чыгыш жээгинин ортоңку бөлүгүн (300 мге чейин) кумдук текши каптайт. Карой тумшугундагы кумдуу пляж 1979-жылдан 1985-ж . чейин 100 мге кеңейген. Жарым аралдын чыгыш жагында (тумшукка жакын) туурасы 10–50 мге жеткен лагуналар жатат. К . ж . а-на эс алуу жайлары курулган.