География:ТОСОР (АКЧИЙ) КОЛТУГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТОСОР (АКЧИЙ) КОЛТУГУ — Ысыккөлдүн түш . жээгиндеги булуңча (бухта). Тосор кыш-нан 1,5 км чыгыш тарапта. Туурасы кире беришинде 1 км, тереңдиги 10 мдей. Көлдөн уз . 1 км, туурасы 0,2–0,3 км келген сайроон аркылуу бөлүнөт . 1930-ж . чейин сайроондун ордундагы кумдук таш такталарынан турган Кайрак а . болгон; кийинчерээк ал чыгышка карай ыктаган аккумуляциялык тектирге туташып калган. Сайроондун көл жак тарабы кумдук таш такталарынан турат, колтук жагы кесек кумдуу келип таманында ылайлуу кум жатат. Чыгыш жээги кумдуу, түштүгү фитоген баткактуу. Кеме токтогонго ылайыктуу. Батыш жээгинде маяк орнотулган.