География:КЫЗЫЛСУУ КОЛТУГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛСУУ КОЛТУГУ Ысыккөлдүн түш . жээгиндеги буйтка (булуңча). Жетөгүз р-нун аймагында. Кууш кысык аркылуу Карабулуң м-н туташат. Жазылыгы 150 м, уз . 1300 м; аянты 1,5 км2. Чыгыш жээги жапыз, саздак, түндүгү м-н батышы тик, камыштуу. Колтукка Чоң ж-а Кичи Кызылсуу суулары куят. Түбү күкүрттүү суутек жыттанган баткак м-н текши капталган . 4– 5 м тереңдикке чейин рдест өсүмдүктөрү өсөт. Алар сазан балыгынын негизги азыгы. К . к . шамал ж-а толкундан ыктоо жайгашкандыктан, кеме токтоочу жай курулган. Батыш жак тектеринде учук оорусун дарылай турган санаторий бар.